Депутаттар Россиядагы мекендештер менен жолугушту

Депутаттар Россиядагы мекендештер менен жолугушту

ЖК төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Медербек Алиев жана Сеидбек Атамбаев Оруссияда мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда сөз сүйлөгөн Нурланбек Азыгалиев мекендештердин Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, ошону менен бирге бөтөн жерде өз маданиятын, тилин сактап калууга кошкон чоң салымын белгиледи.

“Сиздер өлкөбүзгө каржылык жактан гана көмөк көрсөтпөстөн, улуттук иденттүүлүгүбүздү дүйнөгө таанытууда да жардам берип келесиздер. Чет жерде түзүлгөн диаспоралар, маданий борборлор жана коомдук бирикмелер бул жаатта жигердүү иш алып барууда”, - деди.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү мамлекеттин миграциялык саясатынын бир катар актуалдуу маселелерин белгилеп, мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү мындан ары да уланаарын айтышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда сууэнергетикалык маселе чыр-чатактардын башаты болбой калганын билдирди. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча макулдашуу Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы туугандык өз ара мамилелердин символу болуп калганын билдирди.  Буга улай ал Тажикстан, Түркмөнстан суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча кызматташуунун позитивдүү учурларын эске салды.   Өзбек лидери суу

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев президент Садыр Жапаровго үстүбүздөгү жылы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулганын билдирди. Ошондой эле жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылганын айтты.   Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Президент айткандай, анын 400 млн

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели кыйла өстү

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели кыйла өстү

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели жыл башынан 2025-жылдын 1-ноябрына чейин 1 млрд 726,7 млн сомго өсүп, 8 млрд 544 млн сомду түзгөнүн ведоствонун маалымат кызматы билдирди.  Агенттик “Банктык депозиттерди коргоо жөнүндө” мыйзамы боюнча бош акча каражаттарын МинКаб жана Улуттук банк чыгарган баалуу кагаздарга инвестициялайт.  1-ноябрга карата УБнын

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

Ички иштер министрлиги 30-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандарды мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. ИИМ эскертет: шайлоочуларды сатып алуу, алардын эркин тандоосуна таасир этүү жана башка укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Укук бузуулар тууралуу фактылар боюнча ички иштер органдарына