«Альянс Алтын» Талас облусундагы бала бакчаны керектүү жабдуулар менен камсыздады

«Альянс Алтын» Талас облусундагы бала бакчаны керектүү жабдуулар менен камсыздады

Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура айылында 50 орундуу жаңы бала бакча курулду. Анын курулушу 2021-жылы жергиликтүү бюджеттин каражатына башталып, республикалык казынанын жана өнүктүрүү фондунун эсебинен бүткөрүлгөн.

Ачылышка КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, райондун акими Бектур Сагынбаев, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышты.

Батырбек Качкымбаевдин айтымында, Кара-Буура шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде бала бакчаны керектүү жабдыктар менен камсыздоо үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан 406 миң сом бөлүнгөн.

«Биздин фонд Талас районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Жаңы бала бакчаны эмеректер менен камсыз кылуу – бул иштин бир бөлүгү. Бул жерден келечекте элибизге пайда алып келе турган балдар жана кыздар тарбияланат деп үмүттөнөбүз», - деди ал.

Нурлан Дарданов бала бакчаны эмеректер менен камсыздоого көрсөткөн жардамы үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирип, 2023-жылдын аягына чейин бул аймакта дагы төрт билим берүү мекемеси пайдаланууга берилээрин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Талас шаарын мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында жалпы наркы 1,1 млрд сомду түзгөн жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 2-ноябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоорлордун катарында 12 чакырым жолду асфальттоо жана тротуарларды куруу, автобекетти реконструкциялоо, заманбап муниципалдык автопаркты куруу каралган. Ошондой эле шаарды ичүүчү

Ишкер Media
Жалда №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду

Жалда №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен каралган. Жаңы мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында, Курулуш министрлиги тарабынан башталган. Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө курулду. Анда предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы

Ишкер Media
Таластын жолдоруна 2 млрд сом бөлүнгөнү айтылды

Таластын жолдоруна 2 млрд сом бөлүнгөнү айтылды

Беш жылда республикалык бюджеттен Талас шаарынын жолдорун өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Маалымдалгандай, жол жана коммуналдык инфраструктураны жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн. 2021–2026-жылдары республикалык бюджеттен жолдорду өнүктүрүүгө 2,

Ишкер Media
Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты

Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча уюштурулду. Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды.

Ишкер Media