Эмгек министри Кара-Суудагы социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдү кыдырды

Эмгек министри Кара-Суудагы социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдү кыдырды

Социалдык контракт программасынын алкагында кошумча 4.5 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу эмгек министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Кара-Суу районунда социалдык контракт программасынын аткарылышын мониторингт жүргүзүү учурунда билдирди.

«Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа өлкө боюнча 70 миңден ашык адамдын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз. Эң натыйжалуулугун көрсөткөн программанын катышуучулары «Жаңы кадам» республикалык курултайына катышат.

Социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалды гана жеңбестен, башкаларга да жардам беришет. 2022-2023-жж ичинде программанын катышуучулары республика боюнча кошумча 4.5 миң жумуш орундарын түзүштү», - деп баса белгиледи Гүлнара Баатырова.

Ал бүгүн барган Луиза Мамасадыкова менен Шарабидин кызы Айзиректин үй-бүлөлөрүн мисалга келтирди.

«Мурда бул үй-бүлөлөр Министрлик тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына төлөнүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу менен жашашса, бүгүнкү күндө такси кызматын көрсөтүп жатышат. Күнүмдүк кирешелери 1200-1500 сомго жетет.

Алынган 100 миң сомго Мухайо Маматханова 8 баш кой сатып алды. Ал тапкан кирешесине бүгүн жыгач устакана ачкан. Тигүү ишканасын төрт баланын энеси Сайера Уринбаева ачкан», - деди министр.

Гүлнара Баатированын айтымында, бул программанын эффективдүүлүгүн эске алуу менен келерки жылы мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ача турган үй-бүлөлөрдүн санын 20 миң үй-бүлөгө жеткирүү пландоодо турат.

Мындан тышкары окуңуз

Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү

Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү

Россиянын Кыргызстанга инвестициясы 75 пайызга өскөнүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россия ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле КР Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады. Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат. Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Каржы министрлиги физикалык алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKG киргизүү планы тууралуу маалымат берди. Ведомство жаңы санариптик активди экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык курал катары карап жатат. USDKGди киргизүү трансчегаралык эсептешүүлөрдү жеңилдетип, республикага инвестициялык тартып келүүнү күчөтүп, анын финансылык суверенитетин бекемдөөгө багытталган. Алтын менен камсыздоо жаңы санариптик валютанын туруктуулугун камсыздайт деп