Кооперативдердин ишмердигин жөнгө салуу мыйзамы кабыл алынды

Кооперативдердин ишмердигин жөнгө салуу мыйзамы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылууга, турак жай-курулуш кооперативдерине кирүү жолу менен жарандардын турак жай сатып алууда укуктарын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен төмөндөгүдөй ченемдер каралган:

·      турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу орган, ошондой эле анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

·      өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлɵрү каралбайт;

·      турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк салымы кооперативдин үлүштүк фондуна акча эквивалентинде төлөнөт. Жоготууларды жабуу же кооперативди үлүштүк фонддун эсебинен кармап туруу каралбайт;

·      өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүү жана устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныктоо керек, ал жок болсо, юстиция органдарында каттоого мүмкүн эмес;

·      кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн, аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо кооперативдик кеңеш же ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Мында аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Мындан башка, кайсы болбосун кызыкдар жактын кооперативдин уставы менен таанышууга укугу белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик