2024-жылдан баштап Бишкектин экологиясын коргоо милдеттер Жаратылыш министрлигинен мэрияга өтөт

2024-жылдан баштап Бишкектин экологиясын коргоо милдеттер Жаратылыш министрлигинен мэрияга өтөт

Министрлер кабинети кезектеги отурумда “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомун жактырды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Чечимге ылайык, пилоттук долбоордун алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып, Бишкек шаарынын мэриясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ченемдик укуктук актыларын, регламентинин анын ичинде Бишкек шаарынын чегинде 2 жылдык мөөнөткө транспорттук жана башка кыймылдуу транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө чыгарууда  атмосфералык абаны коргоо боюнча эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыра баштайт.

Пилоттук долбоордун алкагында борбор калаанын мэриясына Бишкек шаарынын атмосфералык абасын коргоо жаатында ыйгарым укуктар берилген.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине пилоттук долбоорду ишке ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media