Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

2023-жылдын 12-декабрынан тартып КР менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Бул авиакаттамды кытайдын “Loong Air” авиакомпаниясы жумасына эки жолу (шейшемби, ишемби) аткарат.

Авиакаттам боюнча маалымат:

·         Рейс № GJ8531, Чэнду (09:15) – Бишкек (12:50);

·         Рейс № GJ8532, Бишкек (13:50) – Чэнду (20:35).

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  виртуалдык активдерди алмаштыруучу 13 жаңы оператор лицензия алды

Кыргызстанда виртуалдык активдерди алмаштыруучу 13 жаңы оператор лицензия алды

Финансылык көзөмөл кызматы Кыргызстандагы 13 жаңы виртуалдык активдерди алмаштыруучу операторго лицензия бергенин аталган кызмат билдирди. Лицензиялар мөөнөтсүз жана республиканын бардык аймактарында иштөөгө укук берет.  Жаңы операторлор рыноктун расмий катышуучулары статусун аылышып, мамлекеттик катоого алынышкан. Төмөндө ошол компаниялардын жетекчилери, реквизиттери жана лицензия номерлери келтирилген: 1.”Барак Вин” ЖЧКсы 2. “Бромакс”  ЖЧКсы

С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

Өткөн аптанын аягында Президент Садыр Жапаров соңку беш жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом (3,3 млрд доллар) кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, карыздын көп бөлүгү быйыл, 2025-жылы төлөнгөн.  Өлкө башчы алынган карыздын баары экономиканы өнүктүрүүгө, даректүү долбоорлорго жумшалып жатканын белгилеп, мисал катары Камбар-Ата ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан

Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды

Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу каралган: 1.    Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү; 2.    Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда; 3.    Мураскорлорго; 4.    Аскер кызматкерлерине төлөө; 5.    Ипотекалык насыялоого; 6.    Жумушсуздукка; 7.    Оор ооруларды

Ош шаарынын борбору акырындык менен Жапалак айылына көчөт

Ош шаарынын борбору акырындык менен Жапалак айылына көчөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев келечекте шаардын борбору Жапалак айылынын аймагында болорун билдирди. Эске салсак, 7-ноябрда оңдоо иштеринен соң Көкүм-Бий көчөсү ачылган. Оңдоо иштери өткөн жылдын сентябрь айында башталып аба ырайынын ыңгайсыз шартарынан улам ал убактылуу токтотулуп, кайра быйыл жазында башталган. Реконструкциялоодон кийин жолдун узундугу 3,6 километрге узарып, эни