УКМК маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелген адамдардын кылмыш иштери тууралуу айтып берди

УКМК маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелген адамдардын кылмыш иштери тууралуу айтып берди

2023-жылдын 30-ноябрында ага кылмышка кошо катышуу деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө абагына киргизилди.

И.У.И. жана анын шериги “Эмарк Групп” ЖЧКсынын директору айыпталуучу Ч.А. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билишип, ал  кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап алып, акча чогултуп жатканын билишип туруп, К. Асанбек менен сүйлөшүүлөргө барышып кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) аракеттерин жасашканы, атап айтканда  К.Асанбектин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө колдонушканы аныкталды.

Тактап айтканда, И.У.И. жана Ч.А. К.Асанбек жана анын жакын адамы А.Боотаев менен сүйлөшүүлөргө барып, кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын жашыруу жана кыймылсыз мүлккө инвестициялоо максатында 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында (курорттук-рекреациялык аймак) жайгашкан 4 га жер тилкесин “Бурана-Гранд” ЖЧКсынан “Каганат Резорт” ЖЧКсынын пайдасына формалдуу сатып алуу келишимин түзүшкөн.

Жогоруда аталган жер тилкесинде К.Асанбектин өкүлдөрү кылмыш жолу менен алынган каражатка кымбат баалуу пансионат куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Келишимге ылайык, пансионатты иштеткенден кийинки пайда төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү керек болчу: И.У.И. менен Ч.А.  – 22%, К.Асанбекке – 40% жана А.Боотаевге – 38%. Ошол эле учурда И.У.И. менен Ч.А.  К.Асанбек менен жеке жолугушууларды өткөрүп, 1,5 миллион АКШ долларынан ашык киреше алууну пландашкан.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, К.Асанбек өзүнүн кылмыштуу кирешесин легализациялоо максатында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан “Парк Авеню” турак жай комплексин куруп жаткан “Бурана-Гранд” ЖЧКсынын курулуп жаткан объектилерине акча каражатын салган. Мындан тышкары, компания учурда борбор калаадагы цирктин тегерегиндеги 36 сотукка  жакын жерге “Бурана Пелес” турак жай комплексин куруп жатат.

Ошондой эле, И.У.И. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы 33,85 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер аянтына, ошондой эле Бишкек шаарында 204 м2 аянттагы кымбат батирге ээ. Дагы, ал курулуш, соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү үч ЖЧКнын тең негиздөөчүсү.

Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media