МИК аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылды

МИК аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылды

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн үй ээлерине ачкычтар тапшырлды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады.

Бул долбоор министрлер кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы жүзөгө ашырылды.

Такталгандай, 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу менен тиешелүү талаптарга ылайыкталып салынган үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин “Фаворит Строй Групп” ЖЧК жүргүзгөн.

МИКте кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%зын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мамлекеттик салык кызматы 29-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен КРдин Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайт. Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү. Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жумушчулар менен эмгек келишимин токтотуу негиздерин кеңейте турган мыйзамга кол койгону маалым болду.  Эми жумуш берүүчүлөр жумуш орундарына болгон аймактык лимиттен ашкан учурда эмгек келишимин токтото алышат. Бул документ менен Россия Федерациясынын Эмгек кодексинин 327.6-беренесине өзгөртүүлөр кирет. Мыйзам 2026-жылдын 1-мартында күчүнө кирет. Бул

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

15-ноябрда Сокулук районундагы Кыргыз мамлекеттик асыл-тукум заводунда заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министр Бакыт Төрөбаев кызматкерлерге кайрылып, айыл жергесинде жашаган калктын турмушун жакшыртуу кызматкерлердин негизги милдети экенин белгиледи:

Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган

Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган

Кыргызстанда 40 миң 968 жаран расмий жумушсуз деп катталганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.  Анын айтымында, бул мыйзам чегинде документтери туура болуп,  расмий түрдө катталган жарандар. Ал эми