Бишкектин көчөлөрүндөгү жол кыймылынына өзгөртүүлөр киргизилет

Бишкектин көчөлөрүндөгү жол кыймылынына өзгөртүүлөр киргизилет
Photo by Mike Dudin / Unsplash

Бишкек шаарынын көчө- жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мурда макулдашылган бир тараптуу жана эки тараптуу кыймыл схемасына айрым өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Ошентип, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон жол белгилерин   орнотуу менен көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде эки тараптуу кыймыл уюштурулат:

-  Т.Кулатов көчөсүнүн   И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-   Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн   Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

 Мындан тышкары, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

·      Ж.Турусбеков көчөсү    Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

·      Т.Үмөталиев көчөсү   Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

·      К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

·      К.Тыныстанов көчөсү  М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

·      И.Раззаков көчөсү   Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

·      А.Орозбеков көчөсү  Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

·      Гоголь көчөсү   Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);

·      А.Сүйүмбаев көчөсү   Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине  чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

 Эскерте кетсек, жогоруда аталган көчөлөрдө жол кыймылынын тартибине өзгөртүүлөрдү 2024-жылдын 8-январына чейин киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media