400дөн ашуун кыргызстандык 50 миң сомдон ашык пенсия алат

400дөн ашуун кыргызстандык 50 миң сомдон ашык пенсия алат

Кыргызстанда 400дөн кем эмес адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата пенсия алуучулардын саны 765.8 миң адамды түзөт. Алардын 23%ы «Кыргыз почтасынын» филиалдарынан пенсия алышат. Калган пенсионерлер коммерциялык банктар аркылуу акча алышат.

«Кыргызстанда 400дөн ашык адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат», - деди ал.

Ошол эле учурда Соцфонддун жетекчиси Кыргызстандагы эң жогорку пенсиянын өлчөмүн тактаган жок.

Мындан тышкары окуңуз

К.Ташиев: "Чүйдө 100дөн ашык объект, 2025-жылы 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынды"

К.Ташиев: "Чүйдө 100дөн ашык объект, 2025-жылы 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынды"

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу иш-чарасында Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө сүйлөп, бул жаатта Чүй облусунда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Камчыбек Ташиев 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 30 млн

Финансылык сектордогу уюмдар 9 айда 64 млрд сом киреше табышты

Финансылык сектордогу уюмдар 9 айда 64 млрд сом киреше табышты

Кыргызстандын экономикасынын финансылык секторундагы уюмдардын кирешеси 2025-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Финансы жана баалар башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 9 айында сектордогу ишканалар 64 миллиард сомдон ашык киреше алышты. Негизги өсүштү Улуттук банк камсыздады. Сектордогу субъекттердин болжолу боюнча

“Google салыгынан” өлкө бюджетине 1,3 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн

“Google салыгынан” өлкө бюджетине 1,3 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн

"Google салыгы" кыргыз бюджетине январь-октябрь айларында 1,3 миллиард сомдон ашык киреше алып келгенин Финансы министрлиги билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Былтыр 9 айда 678,8 миллион сом чогултулган. Эске салсак, Кыргызстан колдонуучуларына электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик уюмдар үчүн 2022-жылы “Google

Кыргызстандагы жалгыз геологиялык лаборатория заманбап жабдуулар менен жаңыланды

Кыргызстандагы жалгыз геологиялык лаборатория заманбап жабдуулар менен жаңыланды

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" катуу пайдалуу кендерди изилдөөгө жана лабораториялык-аналитикалык камсыздоого жооп берген жалгыз мамлекеттик лаборатория болуп эсептелет. Лаборатория 1940-жылдан бери өлкөдөгү негизги кендер боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп келет жана ISO/IEC 17025, ISO/IEC 17020 жана ISO/IEC 17043 эл