Айбек Джунушалиев Беларустун элчиси менен жолугушту

Айбек Джунушалиев Беларустун элчиси менен жолугушту

Шаардык муниципалитетте мэр Айбек Джунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Минск шаарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул кадам мамлекеттик деңгээлде гана эмес, муниципалдык деңгээлде да байланыштарды тереңдетүүгө багытталган.

Мэр эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды

Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты