Бишкекте 30-декабрдан тарта айрым аймактарда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкекте 30-декабрдан тарта айрым аймактарда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйругуна ылайык, 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 1-январына чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ошентип, Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат.

Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 31-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейинки аралыкта Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейин Эркиндик бульвары (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.

Ошондой эле, 2024-Жаңы жылды майрамдоо учурунда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын түндүк жана батыш тарабы.
- Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрү башка айдоочуларга тоскоолдук жаратпастан, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин  2024-жылдын 1-январынан тарта саат 00:30дан баштап борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн автобус каттамдары Ала-Тоо аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча каттайт:
2024-жылдын 1-январы саат 00:30дан баштап:
- «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;
- «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
- “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
- «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;
- «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;
- “Ала-Тоо” аянты –   “Ала-Тоо” конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
- «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;
- «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.

Кошумчалай кетсек, учурдагы троллейбустук каттамдар 2024-жылдын 1-январында саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөт.

Кошумча суроолор боюнча ишеним телефону: +996 505 192 619.

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны