Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн айдоочулар аныкталды

Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн айдоочулар аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Рейдке “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышууда.

Рейддин жүрүшүндө эрежелерди сактабаган, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүрүп койгон айдоочулар аныкталып, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, байма-бай өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Маалым болгондой, жайыттарды калыбына келтирүү программасынын

Ишкер Media
Кыргыз-Казак кызматташтыгы  жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргыз-Казак кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы мамлекет башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин негизинде жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө эки элди көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турарын белгиледи. “Биздин боордош элдерди эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн

Ишкер Media
Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ишкер Media
Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов тегерек столдо билдирди. Ага ылайык, расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Пилоттук долбоор эсептелип, Бишкек,

Ишкер Media