Эмгек министри Гүлнара Баатырова Чүй облусундагы социалдык контракттын катышуучуларына барды

Эмгек министри Гүлнара Баатырова Чүй облусундагы социалдык контракттын катышуучуларына барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл районундагы «Социалдык контракт» программасына катышып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

«Азыркы учурда Чүй облусунда 600дөн ашык үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзгөн болсо, анын ичинен 46сы Жайыл районунда жашайт. Биз бүгүн барган Жылдыз Жунушалиева сыяктуу үй-бүлөлөрдүн 70%ы мал чарба тармагында жеке бизнесин ачышкан. Беш баланын энеси музоолуу саан уй сатып алып, учурда сүт өндүрүүдөн айына 10 миң сомдон ашык киреше алууда.
Ал эми Гүлшайыр Журтчуева алган 100 миң сомго 3 тигүүчү машина сатып алып, кошумча жумуш орундарын түзүп, ай сайын 20 миң сомго чейин табат. Соода тармагындагы ийгиликтүү бизнестин мисалы катары чекене соодада айына 10 миң сомго чейин киреше тапкан Даанагүл Орозбаеванын үй-бүлөсүн айтсак болот», - дейт Гүлнара Баатырова.

Министрдин айтымында, бир жарым жылдын ичинде дээрлик 13 миң үй-бүлө өз бизнесин ачып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр категориясынан чыгып, 70 миңден ашык адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Быйыл 20 миң үй-бүлө жеке бизнесин ачуу үчүн ар бири 100 миң сомдон берүү пландалууда», - деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media