Айыл чарба министрлиги жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулганын аныктады

Айыл чарба министрлиги жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулганын аныктады

Кыргызстанга Россиядан жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Такталгандай, 17-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек автожолу" фитосанитардык контролдоо пунктунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө Россиядан 18 миң 500 кг цитрус жана-жер жемиштер (апельсин, баклажан, грейпфрут, курма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, киви) Кыргызстандын аймагына кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Текшерүү учурунда бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү 1 жылга өтүп кеткендиги жана QR коду менен текшергенде, башка фитосанитардык сертификатка жазылганы аныкталып, автоунаа Мамлекеттик салык кызматынын атайын айып пул төлөнүүчү автоунаа токтотулуучу жайына киргизилди. Ал эми мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн топтолгон материалдар укук коргоо органдарына берилүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады. Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат. Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Каржы министрлиги физикалык алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKG киргизүү планы тууралуу маалымат берди. Ведомство жаңы санариптик активди экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык курал катары карап жатат. USDKGди киргизүү трансчегаралык эсептешүүлөрдү жеңилдетип, республикага инвестициялык тартып келүүнү күчөтүп, анын финансылык суверенитетин бекемдөөгө багытталган. Алтын менен камсыздоо жаңы санариптик валютанын туруктуулугун камсыздайт деп

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес. Негизги