Оштун мэриясы саламаттык сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

Оштун мэриясы саламаттык сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

Ошто шаардын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жыйын алып барып, анын алкагында саламаттык сактоо тармагында бир канча жетишкендиктер боюнча баяндамалар жасалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарында жалпы 22 мамлекеттик медициналык мекеме ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Шаарда 2023-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны 3 227 түзсө, ал эми 2022-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны 3 212 түзгөн. Башкача айтканда айлык маянасынын көбөйгөндүгүнө байланышту медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны көбөйгөн.

Мамлекеттик жеке менчик кызматташуунун негизинде Ош шаардык клиникалык ооруканасына КТ жана МРТ аппараттары орнотулуп ишке берилип, жеке менчик медициналык мекемелерге караганда жарандардын  КТ жана МРТ изилдөөлөрүнүн баалары арзан болууда. Ош шаардык клиникалык ооруканасына Кытай Эл Республикасы тарабынан берилүүчү 5 млн. АКШ доллардык заманбап үлгүдөгү аппараттарды жайгаштыруу үчүн кошумча имаратын курууга акча каражат мамлекет тарабынан каржыланып, курулуш иштери башталды.

Ошондой эле Ош шаардык клиникалык ооруканасынын шаар аймагында башаламан жайгашкан бөлүмдөрүн бир жерге жайгаштуруу, орундардын жетишпегендигин чечүү максатында оорукананага 300 орундуу кошумча жаңы имаратын куруу маселеси мамлекет тарабынан чечилип, ага капсуласын куюу 2024-жылдын февраль айына болжолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media