Таласта эттин баасы туруктуу

Таласта эттин баасы туруктуу

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 22-январында Таластагы эт сатылуучу жайларда уй, жылкы жана кой этинин баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Айрым массалык маалымат каражаттарда “Таласта эттин баасы кымбаттады” деген билдирүүлөр тараган. Мониторингдин жыйынтыгы менен аталган социалдык жактан маанилүү товардын баасы туруктуу экендиги аныкталды.

Сатуучулардын айтымында, уй, жылкы жана кой этинин баалары акыркы аптада жогорулаган эмес, жана анын жогорулоосуна себеп жоктугун баса белгилешти.

Бүгүнкү күндө эттин баасы төмөндөгүдөй:

·      жылкы эти – 1 кг баасы 480 сом;

·      уй эти – 1 кг баасы 460-500 сом;

·      кой эти – 1 кг 530-540 сомго чейин.

Мындан сырткары Талас шаарында мал тоюттардын (чөптүн, жем ж.б.) бааларына байкоолор жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен жемдердин баасында өсүү жок, ал эми чөптүн баасы өткөн аптага салыштырмалуу арзандаганы байкалган. Мисалга алсак, буга чейин чөптүн түгү 380-400 сомдон сатылып келсе, бүгүнкү күнү 350-380 сомдон сатып алууга болот.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

13-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы ишмердүүлүгү жана күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Көчмө жыйындын алкагында "

Кызыл-Кыядагы курулуштан улам үйлөргө жарака кеттиби? Текшерүүнүн жообу

Кызыл-Кыядагы курулуштан улам үйлөргө жарака кеттиби? Текшерүүнүн жообу

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө, Пост ГАИ участкасында курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүгө жергиликтүү тургундардын курулуш иштеринен улам коңшу үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болушу мүмкүн деген кайрылуусу негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн Алматыда Евразия экономикалык бирлигинин Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтүп, өз ара сооданы кеңейтүүнү жана биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү