«ЭКСПО- 2023 Доха» жарманкесинде Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди

«ЭКСПО- 2023 Доха» жарманкесинде Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди

22-январда Катардагы Доха шаарында «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкесинин алкагында «Жашыл чөл – жакшы чөйрө» ураан алдында Кыргызстандын улуттук күнү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тараптар биргеликте Катардын жана Кыргызстандын павильондору менен таанышып чыгышты.

Кыргызстандын павильонунда кыргыз боз үйү, шырдагы,  комузу, тери, темир буюмдары, зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы анын ичинде кургатылган жер-жемиштери, дандын түрлөрү, балы, куруту, шербети, кыямдары  ж.б. сунушталды.

Эске салсак, «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкеси 2023-жылдын ноябрь айында башталган, 2024-жылдын март айына чейин созулат.

Каалоочулар март айынын аягына чейин Кыргызстандын айыл чарба продукциялары  менен тааныша алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Жеке QR код көзөмөлдө: Кыргызстан менен Казакстан "серый" төлөм-бизнеси менен кантип күрөшүп жатат?

Жеке QR код көзөмөлдө: Кыргызстан менен Казакстан "серый" төлөм-бизнеси менен кантип күрөшүп жатат?

Борбор Азияда көмүскө экономикага жана "серый" схемаларга каршы күрөш күчөтүлүүдө: мамлекеттер салык мыйзамдарын күчтөндүрүп, салык органдары текшерүүлөрдү көбөйтүштү. 2026-жылдын башынан тартып Кыргызстанда жана Казакстанда ишкерлер үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Алар жеке адамдарга катталган төлөм каражаттарын бизнес максатта колдонууга байланыштуу. Кыргызстан менен Казакстандагы жагдай жана анын ишкерлерге тийгизген

Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө

Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө

Бүгүн, 15-январда “Кабар” улуттук маалымат  агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган расмий маалымат жыйыны болуп өттү. Ага КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев катышты. Ишчаранын жүрүшүндө К.Молдажиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы менен тааныштырып, даярдык иштеринин учурдагы жүрүшү тууралуу маалымат берди.   Билдирүүгө

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкек шаарында Вьетнам компаниясы тарабынан негизделген заманбап кеңсе борбор ачылды. Борбор өлкөгө инвестиция тартуу иш-чараларынын алкагында ишке кирди. Борборду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, заманбап кеңсе менен таанышып чыкты. Маалымдалгандай, бул кеңсе ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлордун иштөөсүнө шарт жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев,

Тайвань OnePlusтун башкы директорун камакка алуу ордерин берди

Тайвань OnePlusтун башкы директорун камакка алуу ордерин берди

Тайвань бийлиги OnePlus компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Пит Лауну камакка алуу боюнча ордер чыгарды. Ага 70тен ашуун тайвандык инженерди мыйзамсыз жумушка алган жана 2,3 млрд тайвань долларын салык төлөбөстөн өлкөдөн чыгарган деген айыптар тагылганын Bloomberg агенттиги кабарлады. Прокуратуранын версиясына ылайык, 2014-жылы Пит Лау Тайванда OnePlus үчүн жашыруун