Энергетиктер туумду эсептен чыгаруу боюнча акциясын январдын аягына чейин улантат

Энергетиктер туумду эсептен чыгаруу боюнча акциясын январдын аягына чейин улантат

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК туумду эсептен чыгаруу боюнча «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз» акциясын 2024-жылдын 31-январына чейин улантат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул акция калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен (бюджеттик керектөөчүлөр) каржыланган уюмдар ошондой эле диний уюмдар (мечиттер, медреселер, чиркөөлөр ж.б.) үчүн өткөрүлөт.

Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл. Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктаган соң, 31-январдан кийин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, 2024-жылдын февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлө туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.

Абоненттер балансты «Мой свет» тиркемесинен жана компаниянын сайтындагы Абоненттин балансы бөлүмүнөн таба алышат.

Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү Мой свет мобилдик тиркемеси жана банктык мобилдик тиркемелер, PAY 24, Qwickpay, UMAI, «Оной», TeremPay, MSТС (Касса-24), Megacom, О! терминалдары, «ЭЛСОМ», «О деньги!», Balance.kg электрондук капчыктары, ошондой эле «Кыргыз почтасы» МИ, «Айыл Банк», «РСК», «Мбанк», «Оптима Банк», «Халык Банк», «Дос-Кредо Банк», «Бакай Банк» ж.б. банктардын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.

Акциянын шарттары тууралуу кененирээк күнү-түнү иштеген колл-борбордун 105, 1209 телефондорунан, сатуу кызматтарынан билүүгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media