Профсоюздар федерациясы Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулады

Профсоюздар федерациясы Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулады

Профсоюздар федерациясы Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулады. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, профсоюздар өздөрүнүн негизги максатына кайтып келип, КРдагы эмгекчилердин негизги укук коргоо органы болууга тийиш.

«Бүгүнкү күндө экономиканын тездик менен өсүшү жана мыйзамдуулукту орнотуу мезгилинде, биздин алдыбызда жүз миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүү милдети турганда эмгекчилер, коом жана мамлекет үчүн профсоюздардын ролу жана мааниси жогору. Профсоюздар федерациясынын Борбордук Комитетинин жаңы курамына биринчи кезекте Мамлекет башчысы тарабынан кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүү боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар берилди», - деди Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов Кыргызстандын мурдагы профсоюздар федерациясынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана Иш берүүчүлөр бирикмеси тарабынан Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкканын билдирди. 

Эмгек кодексинин жаңы долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова тааныштырды.

Жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгуунун алкагында эмгек мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү. Эмгек кодексинин беренелери эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле тармактык мыйзамдарда кайталанышына талдоо жүргүзүлгөн. Иштин жыйынтыгы боюнча Эмгек кодекси тиешелүү мыйзамдарга айрым ченемдерди киргизүү жолу менен, бирок эмгек мамилелеринин концепциясын сактоо менен оптималдаштырылды. Ошол эле учурда бардык укуктар, кепилдиктер жана милдеттенмелер сакталып, тиешелүү мыйзамдарга киргизилет.

Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулаган катышуучулар, ошондой эле кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун артыкчылыктуу маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкек шаарында 29-октябрда 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө. Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган. Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке

Ишкер Media
Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media