Эмгек министрлигинин «Социалдык контракты» 41.5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди

Эмгек министрлигинин «Социалдык контракты» 41.5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди

Эмгек министрлигинин «Социалдык контракты» 41.5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

Анын айтымында, «Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат.

«Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41.5 миңден ашуун 16 жашка чейинки балдар жашайт. Алардын жашоо деңгээли ата-энелеринин бизнес-долбоорлорун өнүктүрүү менен жакшы жагына өзгөрдү», - деди ал.

Жалпысынан мамлекет менен социалдык контрактка кол койгон үй – бүлө мүчөлөрү болгон 70 миңден ашуун адам бакубатчылыктын жакшырышына таасирин тийгизди. Анын ичинен 1.4 миң адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди