Ош облсусунда көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө

Ош облсусунда көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ош-Баткен-Раззаков (75-192-чакырымдар аралыгы) унаа жолунун жээгинде жайгашкан мыйзамсыз объектилер алынып, башаламан соода күркөлөрү буздурулууда. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Учурда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун боюнда 387 мыйзамсыз курулуш аныкталып, анын 84ү сотко өткөрүлүп берилсе, 200дөн ашыгы жергиликтүү бийлик жана тиешелүү органдар менен биргеликте буздурулду. Ал эми калган объект ээлерине эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле, «Кадамжай» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алды толугу менен тазаланып иретке келтирилди.

«Кызыл-Кыя» көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасында жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Кайтпас» чек ара өткөрүү пунктунун алдындагы бир канча акча алмаштыруучу жай иретке келтирилип, мыйзамсыз жайгашкан объектилердин ээлерине эскертүү берилди. 

«Ак-Кыя» көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасын иретке келтирүү жана кеңейтүү иштери пландалууда.

«Өтүкчү» пунктунун алдында жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине да эскертүү берилди.

«Чечме» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жайгашкан объектилер тазаланды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media