Жалал-Абад электр тармактар ишканасына төрт жаңы имарат курулат

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына төрт жаңы имарат курулат

2024- жылдын капиталдык курулуш планына Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 4 имараттын курулушу киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Такталгандай, алар Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты, трансформатор оңдоочу цехи, райондук электр тармактарына караштуу Кызыл–Жар жана Кызыл-Туу участкаларынын имараттары. Курула турган имараттар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан каржыланат.

Учурда Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын курулушу башталды.

Мындан тышкары, капиталдык курулуштун алкагында Жалал-Абад облусунда 32 чакырым 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысы жаңы курулат, аба чубалгыларды реконструкциялоо болсо 96 чакырымды камтыйт. Ошондой эле, 35 даана 10/0,4 кВ трансформатордук жаңы көмөк чордондор орнотулат жана эскилиги жеткен 25 даана 10/0,4 кВ трансформатордук шкафтар алмаштырылат. 1 даана 220 кВ жана 1 даана 110 кВ көмөк чордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылат, 2 даана 110 кВ көмөк чордонунда КРУН ячейкалары алмаштырылат.

Бул иштер компаниянын өз каражаты менен иш ашып керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана Жалал-Абад облусун өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media