Чүйдө жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды

Чүйдө жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев дача кооперативдеринин башчылары менен жолугушуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага район акимдеринин биринчи орун басарлары, облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери, ошондой эле Мамкаттоонун жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда 400дөн ашык багбанчылык шериктештиктери иштейт, алардын 70 пайызга жакыны Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Кооперативдердин өкүлдөрү дача айылдарынын жашоочулары туш болгон көйгөйлөрдү айтышты. Алардын эң негизгиси-каттоонун жоктугу. Калктуу конуштун статусу жок болгондуктан, фельдшердик-акушердик пункттарды, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу мүмкүн эмес. Мындан тышкары алардын айтуусу боюнча, тургундар өз каражаттарына электр станцияларын орнотуп, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга аракет кылышууда.

Тактап айтканда, Чүй облусунда мунапыстын алкагында жарандардан 41 820 арыз келип түшкөн, анын ичинен 26 218и коомдук билдирүүдөн өтүп, жарандарга жер тилкелерин берүү боюнча 18 748 чечим, 14 438 мамлекеттик акт жана 3 835 техникалык паспорт берилген.

Канат Джумагазиевдин айтымында, жаңы конуштарда жерге мунапыс берүү процесси ийгиликтүү аяктап, эми дача кооперативдеринин тилкелерин мыйзамдаштыруу убагы келди. Ал аймактын жашоочуларын алардын укуктук маселелерин чечүү жана өз аймагынын өнүгүшүнө шарт түзүү үчүн колунан келген аракеттерин жасаарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан ОрунтаевБишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты. Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасында өткөн билим жана тажрыйба алмашуу программасына катышты. Делегацияны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Асель Кененбаева жетектеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Делегациянын курамына “АгроСмарт” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк