Быйыл аралыктан шайлоого мүмкүн болот

Быйыл аралыктан шайлоого мүмкүн болот

Жакында боло турган КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоого жарандардын активдүү катышуусу үчүн аралыктан шайлоо мүмкүнчүлүгү каралган. Жарандарынын конститутуиялык укуктарын камсыздоо максатында, быйыл 10-20-30 октябрда бүткүл Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын 5 шаарында тесттик режимде шайлоо өткөрүү пландаштырылган.

Мындай билдирүүнү КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров бүгүн Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” борбордук универсалдуу дүкөнүндө журналисттер үчүн шайлоонун алгачкы сынактык режимин тажрыйба жүзүндө көрсөтүп жатып, билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасы бар жана андан сырткары быйыл шайлоочулардын максималдуу шайлоого мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн аралыктан шайлоо режими киргизилип жатат.

Ага ылайык, ири соода борборлору, унаа базарларында, аэрапорт жана аскер бөлүктөрүндө дагы  кошумча шайлоо участкаларын ачуу пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан