Талас университетине 300 млн сомдук корпус курулууда

Талас университетине 300 млн сомдук корпус курулууда

Талас шаарында мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн жаңы беш кабаттуу окуу имаратты салынып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Долбоордун наркы 300 миллион сом. Окуу корпусу Таластагы №1 орто мектептин маңдайында, Нуржанов аллеясынын боюнда жайгашып, 2026-жылдын июль айында пайдаланууга берилет.

Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бул ири долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Санарип сом деген эмне жана ал качан жүгүртүүгө киргизилет?

Санарип сом деген эмне жана ал качан жүгүртүүгө киргизилет?

Замандын агымына жараша азыр өнүккөн өлкөлөрдө санарип валютаны жүгүртүү, аны кадимки турмуш тиричиликте колдонуу жылдан жылга активдешип бара жатат. Аны эске алуу менен Улуттук банк буга чейин санарип сомдун концепциясын иштеп чыккан. 2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш мыйзамга санарип сомдун укуктук статусу боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Алар 2027-жылдын

КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси Вашингтондо талкууланды

КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси Вашингтондо талкууланды

КРнын финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтонто болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык финансы корпорациясынын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Ооганстан жана Пакистан боюнча вице-президенти Риккардо Пулити менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда экономиканын жеке секторун өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын негизги багыттары, Эл аралык финансы

Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

КРнын Министрлер Кабинети транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтомду кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгондугу тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды. Билдирүугө караганда, мындай чечим транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын

МинКаб айрым компанияларга кузовдорду алып кирүүгө уруксат берди

МинКаб айрым компанияларга кузовдорду алып кирүүгө уруксат берди

Буга чейин Министрлер Кабинети №633 токтом менен автоунаалардын кузовдорун Кыргызстанга 6 айга чейин алып кирүүгө тыюу салганын маалымдаганбыз.  МинКаб эми мындай чектөөнү айрым компаниялардан алып салды. Алар: “ДТ Техник” ЖЧКсы, “Шумкар” трансулуттук корпорациясы” ААКсы, Кытай-Кыргызстан биргелешкен “Жису” автомобиль өнөр жай ЖЧКсы, “Шунфа”, “Мурат Авто”, Кыргыз Унаа Курулуш”, Меридиан Голд” ишканалары.