Бишкекте 10 миң көчөт отургузулат

Бишкекте борборду масштабдуу жашылдандыруу кампаниясына даярдыктар башталды. Мэриядан билдиргендей күзгү көчүрүү сезонунун алкагында шаарда 10 миң бак жана бадалдарды отургузуу пландалып жатат.
Мындай чечим шаардын экологиялык кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Жашылдандырууда негизги көңүл мектеп, бала бакча жана аларга жакын зоналарга бөлүнөт.
“Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык мекемеси жашылдандыруу схемасын пландап, белгилерди коюп, чуңкурчаларды казуу иштерин баштады. Муниципалитеттен билдиришикендей, көчөттөрдү отургузуу жакын күндөрү башталат.