Бишкекте жеке турак жай курууга берилген жерлер мыйзамдаштырылууда

Бишкекте жеке турак жай курууга берилген жерлер мыйзамдаштырылууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен жер мунапысына байланыштуу мыйзамдаштыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 83 комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Келип түшкөн арыздардын саны 5 671 болсо, 2083 токтом чыгарылган.

Октябрь районунда жер мунапысы башталгандан бери 210 жашоочуга жер тилкесин бекитип берүү боюнча чечим кабыл алынган. Келип түшкөн арыздардын саны 8 074, комиссиянын 42 отуруму өткөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш жана шаар куруу департаментинин адистери МАБдын кызматкерлери менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер боюнча маалыматтарды текшерүү жана комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн жеринде тактоо иштери уланууда.

Жерге мунапыс жарандарга жеке турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жана тиешелүү документтерди расмий жол менен алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей