Аламүдүндө 192 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бер-Булак айылында наркы 192 миллион сомду түзгөн О.Турусматов атындагы эки кабаттуу мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып ишке ашты.
Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген, окуу корпусу спорт залы менен курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралды.
Кулулуш иштери толук аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү күтүлүүдө.





