Бишкекте турак жайлар “Дизайн-код” боюнча иретке келтирилет

Бишкекте турак жайлар  “Дизайн-код” боюнча иретке келтирилет

Бишкек шаарында "Бишкек шаарынын дизайн-коду" эрежелерин ишке ашыруунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти кабарлады.

Экинчи этаптын алкагында турак жайлардын фасаддарына жана сырткы көрүнүшүнө көзөмөл күчөтүлөт. Тактап айтканда, батирлердин сырткы кондиционер блоктору, фасаддарга тартылган интернет жана электр зымдары, уруксатсыз айнектелген балкондор жана кошумча орнотулган конструкциялар боюнча иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, Дизайн-код боюнча интернет зымдары сыртка чыкпай, иреттүү жайгаштырылууга тийиш. Кондиционерлер терезенин жанына орнотулушу керек, ал эми балкондорго уруксатсыз кошумча курулуш жүргүзүүгө болбойт.

Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы борбор калаа тургундарын жашаган үйлөрүн “Дизайн-коддун” талаптарына ылайык иретке келтирүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,