Суу үнөмдөө максатында Ак-Талаада каналдар модернизацияланууда

Ак-Талаа районунда ирригациялык каналдар инновациялык ыкма менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ак-Талаа районундагы "Чон-Бактыгул" чарба аралык чоң каналынан бөлүнгөн Р-2 каналынын узундугу 4,1 км. Анын 2,7 км аралыгына суу үнөмдөө максатында бетон төшөлмө (бетонополотно) орнотулууда.
Бул иштер райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан инновациялык технологиялар менен жүргүзүлөт. Натыйжада айыл чарбасында суунун сарпталышы азайып, ирригациянын эффективдүүлүгү жогорулайт.