Бишкектин жаңы Башкы планында эмнелер талкууланды?

Бишкектин жаңы Башкы планында эмнелер талкууланды?

Бишкек шаарынын мэриясынын жана шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институтуна барып, Бишкек шаарынын жаңы Башкы планын иштеп чыгуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушууда шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары — функционалдык зонага бөлүү, социалдык инфраструктура, транспорт жана экология маселелери талкууланды.

Институттун башкы архитектору Ирина Гришечкина жана долбоорлордун жетекчиси Вероника Зыкинашаарды жашоо, эс алуу, өндүрүш жана соода аймактарына бөлүү сунуштарын беришти. Алар жаңы аймактарды учурдагы райондор менен тең салмакта өнүктүрүү жана интеграциялоо зарылдыгын белгилешти.

Социалдык инфраструктура боюнча Ольга Друзина калкты мектептер, бала бакчалар, медицина, маданият жана спорттук объекттер менен камсыздоону жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизди.

Транспорт тармагында жол тармагын оптималдаштыруу, коомдук транспортту өнүктүрүү жана жөө адамдар үчүн шарттарды жакшыртуу чаралары каралды. Ал эми экология бөлүмүндө абанын жана суунун сапатын жакшыртуу, экологиялык туруктуу өнүгүү принциптерин киргизүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек

Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек

Бул тууралуу Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 13-мартындагы №112 жарлыгында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып виртуалдык активдердин операторлорунун (криптобиржалардын) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 300 миллион сомду (болжол менен 3,4 млн АКШ доллары) түзүшү керек. Учурда иштеп жаткан виртуалдык активдерди соодалоо операторлоруна 2026-жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталын ушул талаптарга ылайык келтирүү

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатат. Азырынча талаа иштери толук баштала элек болсо да, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Район боюнча дыйкандарга жеңилдетилген шартта 20 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, кошумча 32 миң литр күйүүчү май алуу үчүн

Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт

Нотариалдык системаны пайдалануу үчүн акы төлөнө баштайт

Министрлер кабинети Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын пайдалануу үчүн акы киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке ылайык, төлөм жеке нотариустардан нотариалдык аракеттерди жасоодо жана система аркылуу техникалык кызматтарды көрсөтүүдө алынат. Акынын өлчөмү  Юстиция министрлиги тарабынан монополияга каршы орган менен макулдашуу аркылуу аныкталат. Түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга багытталат: * системанын техникалык колдоосу, * киберкоопсуздукту

Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган

Кыргызстанда 4 жылда 29,5 млн көчөт отургузулган

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында быйыл өлкөдө 9 млн көчөт отургузуларын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыл сайын бекитилген иш планга ылайык, республика боюнча отургузулган көчөттөрдүн саны өсүүдө: * 2022-жылы: 6 млн түп; * 2023-жылы: 7 млн