Жалал-Абадда толук циклдүү индустриалдык балык чарбасы курулуп жатат

Жалал-Абадда толук циклдүү индустриалдык балык чарбасы курулуп жатат

«Салих жана Ко» ЖЧКсы 11,8 миллион доллар инвестиция менен толук циклдүү индустриалдык балык кластерин түзүү боюнча долбоор баштады. Ага ылайык, Күрпсай суу сактагычында торлордо форель өстүрүлүп, Күмүш-Азиз айылында осетр чарбасы жана шоктук тоңдуруу линиялары менен балык кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор жылына 5 миң тонна форель жана 270 тонна осетр багууну, ошондой эле азык-түлүк икрасын өндүрүүнү пландаган.

«Айыл Банк» жана Мамлекеттик каржы холдинги долбоорду каржылоодо.

«Бул долбоор түштүк Кыргызстанда жаңы тармактын өнүгүүсүнө жол ачат. Биз заманбап технологияларды колдонуп, жаш адистерди окутуучу балыкчы мектебин түзөбүз», — деди «Салих жана Ко» ЖЧКсынын директору Урмат Мусаев.

"Долбоор ишке ашканда 40тан ашуун жаңы жумуш орундары түзүлүп, аймактын экономикасына салым кошот",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кечээ президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты. “Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30% экспорттоп, 70% импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60%