Бишкекте 9 айда мыйзамсыз жарнамаларга 1,2 млн сом айып салынган

Бишкекте 9 айда мыйзамсыз жарнамаларга 1,2 млн сом айып салынган

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы борбор калаада жарнамалык объектилерди көзөмөлдөөнү күчөтүп, дизайн-кодго туура келбеген конструкциялардан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Кечээ Ленин жана Биринчи Май райондорундагы рейдде, айрыкча Манас – Жибек Жолу проспектилери, Жаш гвардия бульвары жана Чүй проспектинин айрым бөлүктөрүндө дизайн-кодго туура келбеген жана уруксат документтери жок билборддор жана жарнамалар алынган. Биринчи Май районунда 7 протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында жалпы 120 жарнамалык конструкция демонтаждалды. Иш-чара акимиат, муниципалдык инспекция жана Бишкек шаарынын Архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жалпы 3 278 мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияны демонтаждаган, ошондой эле 288 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 235 000 сом болгон айыптар салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта