Жаштардын демилгелери мамлекет тарабынан колдоого алынды

Жаштардын демилгелери мамлекет тарабынан колдоого алынды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программалар алкагында жаш демилгелерди мамлекеттик колдоо” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. 

Конкурстун максаты – жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, руханий-моралдык баалуулуктарды бекемдөө, интеллектуалдук, чыгармачыл жана физикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, сергек жашоо образын түзүүгө, ошондой эле жаштардын билим берүүчүлүк муктаждыктарын канааттандырууга багытталган демилгелерди колдоо. 

22-октябрдагы комиссиянын чечими менен төмөнкү катышуучулар жеңүүчү деп табылышты:

Данияр Бекишов —“Жаш талант фестиваль-конкурсу”;

Кубанычбек Ашымов — “Жаш акын” конкурсу;Алтынай Жапарбекова  — “Көркөм буюумдар галереясы”;

Баткен Мамлекеттик университети —  «Next Step» долбоору;

Мамай уулу Жеңишбек — «Эко-Арт жашыл демилге»;

Дөбөлү айыл жаштарынын коомдук бирикмеси — “ Маалыматтык-ресурс окуу борбору”;

“Жалал-Абад интеллектуалдык клубу” коомдук бирикмеси — бирдей аталыштагы долбоор;

Абил Каныбеков  — проект “Алга кадам” долбоору;

Айназик Болотбекова — “Ийгилик рецеби” долбоору;“Жумгал KG” жаштар коомдук борбору — “Интеллектуалдык жана инновациялык медиаборбор”.

Аталган жеңүүчүлөрдүн долбоорлору 200 миң сом өлчөмүндө мамлекеттик колдоо алат. 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой