Ош шаарына курула турган айланма жолдун эскизи иштелип чыкты

Ош шаарына курула турган айланма жолдун эскизи иштелип чыкты

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Ош шаарындагы жол кыймылын иретке келтирүү боюнча А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишине курулуучу айланма жолдун эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин, аталган тилкедеги кыймыл ирээтке келип, шаардыктар жана айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол өттү

«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол өттү

Бүгүн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Тумановдун төрагалыгы алдында жыл сайын өткөрүлүп келген «Жашыл экономика» форумунун алкагындагы «Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол болуп өттү. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тегерек столдун негизги максаты — аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү

Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүдө

Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүдө

КРнын Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүүдө. Бул чаралардын алкагында административдик мамлекеттик мекемелердин ички жана тышкы жарыктандыруусун жана электр приборлорун саат 18:00дөн 06:00гө чейин максатка ылайыктуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралар имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон

АЧК-13 долбоору боюнча  4 081,22 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

АЧК-13 долбоору боюнча 4 081,22 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2025-жылдын  23-октябрына карата АЧК-13 долбоорунун алкагында республиканын  6 487 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө  4 081,22 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты. Берилген кредиттин ичинде:  “Мал  чарбачылык”  тармагы  боюнча  3 381,64  млн.  сом суммасында 5 443 субъект; “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 441,02 млн.

ИИМ: Whatsapp шылуундарынан сак болуңуздар!

ИИМ: Whatsapp шылуундарынан сак болуңуздар!

Ички иштер министрлиги жарандарды телефон шылуундары аркылуу жасалып жаткан алдамчылыктардын көбөйүшү тууралуу эскертет. Шылуундар өздөрүн банк, укук коргоо органдары же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен жарандардын жеке маалыматтарын, банк карталарынын номерлерин жана SMS аркылуу келген коддорун алуу аракетин көрүшүүдө. ИИМ эскертет: •    белгисиз адамдарга жеке маалыматтарыңызды