Казакстанда депутаттын эки аял алуу сунушу, кызуу талкуу жаратты

Казакстанда депутаттын эки аял алуу сунушу, кызуу талкуу жаратты

Казакстанда экинчи жубай алууга мыйзам түрүндө уруксат берүү сунушун билдирген депутат Абзал Куспановдун сунушу акыркы кездерде социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Анын баамында, мыйзам көп аял алууга тыюу салганы менен, көпчүлүк эркектер, анын басымдуу бөлүгү диндеги адамдар - бир нече аял менен жашап жатышат.

“Эгер юридикалык жактан карасак, де-юре - бизде көп аял алуу мыйзамга каршы экенин билебиз. Формалдуу түрдө бул мыйзамсыз, бирок жоопкерчилик каралган эмес. Ал эми де-факто - көптөгөн эркектердин, жөнөкөй жарандардын да, аткаминерлердин да экинчи, үчүнчү, кээде төртүнчү аялдары бар”- деп депутат Уральская неделя басылмасына билдирген. 

Анын мындай сунушу жергиликтүү калктын макул жана каршы келген пикири менен гана чектелген жок. Белгилүү казакстандык продюсер жана актриса Баян Алагузова депутаттын бул сунушуна толуктоо иретинде - көп күйөөгө чыгууну да мыйзамдаштырып салуу пикирин билдирген.

 

Мындан тышкары окуңуз

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик