10-14-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ убактылуу өчүрүлөт
«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-14-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөөрүн маалымдады.
Билдирүүгө караганда бул аймактарга - Ч.Айтматов проспекти, Л.Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Бакаев көчөсү, Гагарин көчөлөрү кирет. Бул иштер шаардын жолдор тармагын реконструкциялоо боюнча жумуштарга байланыштуу Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүп жатат.
Ушуга байланыштуу өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонуу сунушталууда.