ИИМ: 10 айда 996 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) быйылкы 10 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, бул тууралуу Башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан бери 996 753 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 139 557 автоунаа айып короо жайына токтотулган.
Кеңешмеде ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев жол кырсыктары көп катталган аймактардын жетекчилерине сын айтып, профилактиканы күчөтүүнү жана айдоочуларга практикалык жардам берүүнү тапшырды.
Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, санарип кызматтарды кеңейтүү, кызматтык тартипти бекемдөө жана алдыдагы шайлоо маалында тартипти сактоо боюнча милдеттер белгиленди.