Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кимдердин айыптары жокко чыгат?

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кимдердин айыптары жокко чыгат?

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар эсептен чыгарыларын билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө Салык кызматынын органдары тарабынан төмөнкүлөр эсептен чыгарылат:
  • 2026-жылдын 1-январына карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар — төлөөчүнүн арызы жок жана толук көлөмдө, эгерде бул күнгө карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз жок болсо;
  • 2026-жылдын 1-июлуна карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар — төлөөчүнүн тиешелүү арызынын негизинде жана толук көлөмдө, эгерде негизги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карызы 2026-жылдын 1-июлуна чейин төлөнгөн болсо.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Бүгүн Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда JICAнын Ош облусунда ишке ашырып жаткан "Спутниктик маалыматтар жана химиялык заттардын регионалдык ташылышын моделдөө" долбоорунун алкагында абанын сапатын

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнүндө экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Министрдин айтымында, акыркы үч жылда Кыргызстан экономикасы орточо жылдык 9% өсүш менен туруктуу өнүгүү жолуна

Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт

Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт

Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражаты менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу активдүү жүрүүдө. Алардын сап башында кыска убакыттын ичинде башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел автожолу турат. Бул жол

Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын отчеттук маалыматында айтылат. Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн