Кара-Сууда 184 млн сомго 225 орундуу мектеп курулуп жатат

Кара-Сууда 184 млн сомго 225 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шералы айылында А.Кулботоев мектебинин курулушу жүрүп жатат. Объекттин наркы 184 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоор боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталган, эки кабатуу окуу корпус спорт залы менен курулат. Жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзгөн билим уяда негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстар каралган. 

Курулуш монтаждоо иштери “Агым Прогресс” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдө мыйзамда каралган жазуу жүзүндөгү эскертүү жана контролдук текшерүүнү өткөрбөстөн, түздөн-түз айып

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү: Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштарды бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгы бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Бүгүн, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары негизги тармактарды