Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 айда жарандарга 108,8 млн сом төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 айда жарандарга 108,8 млн сом төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бүгүнкү күнгө карата жалпы 108 миллион 816 миң сом өлчөмүндөгү төлөмдөрдү жарандарга көрсөткөн кызматтарынын алкагында берди.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматка караганда, төлөмдөрдүн негизги бөлүгүн социалдык жана экономикалык мааниси жогору болгон учурлар түзөт:

  • ОСАГО боюнча – 618 жаранга 57 млн 222 миң сом төлөндү. Бул автоунааларды камсыздандыруунун калк үчүн маанисин жана кырсык учурунда реалдуу колдоо көрсөтөөрүн көрсөтөт.
  • Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу – 223 жаранга 27 млн 908 миң сом берилди. Жаратылыш кырсыктарынан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү уюмдун негизги багыттарынын бири бойдон калууда.
  • Өрт кырсыктарына байланыштуу – 132 жаранга 24 млн 927 миң сом кенемте төлөндү.
Бул негизги учурлардан тышкары, башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча да төлөмдөр жүргүзүлүп, жалпы сумма 108 млн 816 миң сомду түздү.

Бул кадам жарандардын турмуштук туруктуулугун камсыздоодо жана кырсыктардан кийинки жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта