Бишкекте жол чырактар реалдуу убакытта көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте жол чырактар  реалдуу убакытта көзөмөлдөнүүдө

Санариптик технологиялар борборунун директорунун орун басары Чингиз Джумагулов борбор калаадагы светофорлордун инфраструктурасы жана транспорттук тыгындарды жөнгө салуу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кыймылын башкаруунун заманбап системасын түзүү боюнча долбоорду киргизүү 2023-жылы башталган.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаары боюнча МККБ кызматкерлери окутуудан өтүштү жана бүгүнкү күндө "АСУДД" (жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы) системасы менен кызматташтыкта транспорттук агымдардын мониторингин жана жөнгө салууну реалдуу убакыт режиминде ишке ашырып жатышат.

Светофордук объекттердин туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн МККБ инспекторлору жол кыймылын уюштурууну башкарууга жана мониторинг жүргүзүүгө тартылган.

Ошол эле учурда, электр энергиясы өчүрүлгөн учурда техникалык тейлөө, мүчүлүштүктөрдү оңдоо жана эксплуатациялоо маселелери светофордун бүтүндөй инфраструктурасынын иштеши үчүн жооптуу адистештирилген компаниянын милдети болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча