Тогуз-Тородо жаңы мектеп курулуп жатат
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Карл Маркс айылында эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Мектептин жалпы аянты 1376 чарчы метр. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жаңы мектепке чейинки 130 орундуу эски мектептин курулушу 14 жыл мурда башталып, 8 жылдан кийин гана бүткөрүлгөн. Бирок 6 жылдан кийин өрт кырсыгынан улам колдонуудан чыгып калган.
Ал эми жаңы мектептин курулушу 2025-жылдын июнь айында башталып, 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Курулуш иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, Президенттин фондунан каржыланууда.