"Бишкексууканал" телефон алдамчылыгы тууралуу эскертет
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы шаардыктарга телефон аркылуу алдамчылык фактылары катталганын маалымдайт. Белгисиз адамдар ишкананын кызматкерлери катары таанышып, кардарлардын жеке маалыматтарын алууга аракет кылышат.
"Бишкексууканал" МИси банк карталарынын маалыматтарын, паролдорду, ырастоо коддорун жана башка купуя маалыматтарды телефон аркылуу эч качан сурабайт.
Эгерде сизге кандайдыр бир шектүү чалуу келсе, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, ишкананын расмий ишеним телефонуна кайрылууну сунуштайбыз.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын ишеним телефону:
1533 — Колл-борбору
0551 153 300
0770 153 300
0701 153 300