К.Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 10 автоунаа тапшырды

К.Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 10 автоунаа тапшырды

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна (УЭжБКБ) 10 кызматтык автоунаа тапшырды. Бул транспорт борбордун нөөмөттүк бригадаларынын оор абалдагы аялдар жана балдарга өз убагында жардам көрсөтүүсүн камсыз кылып, оперативдүүлүктү жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Ташиев борбордун 4 400 м² аянттагы толук жаңыланган аймагын да көрүп чыкты. Бул аймакта жаңы асфальт төшөлүп, жарыктандыруу орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Жаңыланган аймак кызматкерлер жана бейтаптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.

Буга чейин Ташиевдин тапшырмасы менен борборго Тыналиев көчөсү аркылуу жаңы жол курулуп, жеткиликтүүлүк жакшыртылган. Ошондой эле борборго эндоскопиялык УЗИ аппараты, видеогастроскоп, видеобронхоскоп, видеоколоноскоп жана башка заманбап медициналык жабдуулар берилген.

Ташиев кызматкерлерди жаңы автоунаалар менен куттуктап, дарыгерлердин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыз кылуунун маанисин белгиледи жана ак халатчандардын жумушуна ийгилик каалады.

Белгиленгендей, Улуттук эне жана баланы коргоо борбору өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги алдыңкы медициналык мекемелердин бири болуп саналат. Жыл сайын борбордо 30 миңдей бала стационардык, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарыкка келет. Новатордук диагностика жана дарылоо ыкмалары борбордо туруктуу колдонулуп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча