Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында жаңы бала бакча курулуп бүттү
Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылында жаңы бала бакчанын курулушу бүтүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен 78 миллион сом бөлүндү.
Жаңы бала бакча 100 орунга ылайыкталып, заманбап шарттары менен эки кабаттуу имаратта жайгашкан. Жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Жаңы объект жергиликтүү балдарга сапаттуу билим берүү жана ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган.



