Бишкекте концерттик программа менен коштолгон жарманке уюштурулат

Бишкекте концерттик программа менен коштолгон жарманке уюштурулат

Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен арзан баадагы ири жарманке өтүп жатат. Иш-чара Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, Эркиндик бульвары боюнча (Биринчи Май району) уюштурулууда.

Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукциялары, тамак-аш, кийим-кече жана күнүмдүк товарлар базар баасынан төмөн сунушталууда. Тандоонун көптүгү жана жеткиликтүү баалар шаар тургундарынын жогорку кызыгуусун жаратууда.

 Бүгүн жарманке концерттик программа менен коштолоору күтүлүүдө. Ага белгилүү “Кызыл гвоздика” элдик ансамбли катышып, аскердик-патриоттук жана улуттук чыгармаларды аткарышат. Ансамблдин программасы жарманкенин маанайын көтөрүп, конокторго маданий атмосфера тартуулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында заманбап турак жай комплекси курулуп жатат. Комплекс 18 өз алдынча блоктон туруп, ар бир имарат 5 кабаттуу болуп салынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Жалпы 1 020 батир каралган. Турак жай комплекси өзүнүн отканасы, автоунаа ээлери үчүн кенен унаа токтотмо жайы менен камсыздалат. Ошондой

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн кирешелер пландан ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Планга ылайык 3 млрд 26 млн 856,8 миң сом каралган болсо, иш жүзүндө 3 млрд 53 млн 740,3 миң сом чогултулуп, план 100,9%га аткарылды. Ош шаарынын мэриясынан

Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар

Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар

Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКнын Балыкчы шаарындагы көмүр базасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана шаардык көмүр базасы үчүн 2 миң тонна тандалма көмүр камдалган. Көмүр базасында

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн кредиттик макулдашууну биринчи окууда колдоду. Анын алкагында аймактардагы суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар каражат тартылат. Маалыматка ылайык, бул каражаттар Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушта таза суу жана санитария шарттарын жакшыртууга жумшалат. Долбоор жалпы