Жаңы жылдык салтанаттарга шаар мэриясы чектөө киргизет

Жаңы жылдык салтанаттарга шаар мэриясы чектөө киргизет

Жаңы жылдык иш-чараларды уюштурууда ашыкча чыгымдарды болтурбоо, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндө" КРнын Мыйзамына ылайык буйрук кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө, ошондой эле муниципалдык ишканаларына жана мекемелерине Жаңы жылды майрамдоого арналган корпоративдик (көңүл ачуучу) иш-чараларды уюштурууга акча чогултууга тыюу салынат. Жылдын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди куттуктоо жана сыйлыктарды тапшыруу менен байланышкан расмий иш-чараларды гана өткөрүүгө уруксат берилет жана алар административдик имараттардын ичинде гана өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын тутумуна кирген бардык уюмдардын жетекчилерине акча чогултууга жана "ишенип берилген" уюмдарда жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жол бербөө көзөмөлүн камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында заманбап турак жай комплекси курулуп жатат. Комплекс 18 өз алдынча блоктон туруп, ар бир имарат 5 кабаттуу болуп салынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Жалпы 1 020 батир каралган. Турак жай комплекси өзүнүн отканасы, автоунаа ээлери үчүн кенен унаа токтотмо жайы менен камсыздалат. Ошондой

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн кирешелер пландан ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Планга ылайык 3 млрд 26 млн 856,8 миң сом каралган болсо, иш жүзүндө 3 млрд 53 млн 740,3 миң сом чогултулуп, план 100,9%га аткарылды. Ош шаарынын мэриясынан

Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар

Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар

Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКнын Балыкчы шаарындагы көмүр базасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана шаардык көмүр базасы үчүн 2 миң тонна тандалма көмүр камдалган. Көмүр базасында

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды

Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн кредиттик макулдашууну биринчи окууда колдоду. Анын алкагында аймактардагы суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар каражат тартылат. Маалыматка ылайык, бул каражаттар Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушта таза суу жана санитария шарттарын жакшыртууга жумшалат. Долбоор жалпы