25–27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын айрым жолдорунда жол кыймылына чектөө киргизилет

25–27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын айрым жолдорунда жол кыймылына чектөө киргизилет

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүнө байланыштуу 2025-жылдын 25–27-ноябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жолдорунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

ИИМ басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чектөөлөр төмөнкү көчөлөрдө болот:
- Манас эл аралык аэропортунун магистралынан Бишкек шаарынын чек арасына чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чек арасынан Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнүн чыгышынан Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектисинен түштүктү көздөй Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Ж.Абдрахманов, С.Ибраимов жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.

Билдирүүгө караганда, жол тыгын азайтуу үчүн мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өтүшөт.

ИИМ өкүлдөрү жарандарды жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктеринде унааларды калтырбоого, өтө зарыл болбосо, оор жүк ташуучу унааларды айдоодон баш тартууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Бул чектөөлөр кортеждердин өтүшү учурунда күчүндө болот.

Коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4000ден ашык кызматкер тартылат.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы